Жаңылыктар
17.04.2025 13:20
Кароолор: 233
БАТКЕНДЕ КУТКАРУУЧУЛАР ЖАЙЛООДО ТООДОН ТҮШӨ АЛБАЙ КАЛГАН 61 ЖАШТАГЫ АДАМДЫ КУТКАРЫШТЫ
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айыл аймагында ӨКМ куткаруучулары 61 жаштагы эркек адамдын өмүрүн сактап калышты.
Кечээ, 16-апрелде Орозбеков айыл аймагына караштуу Сары-Талаа жайлоосунда тоодон өз алдынча түшө албай калып, жардамга муктаж болгон билдирүү түшкөн.
Жерине КР ӨКМден 5 куткаруучу тартылып, аталган жаранды тоодон аман эсен түшүрүп беришкен.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР