Жаңылыктар
03.02.2025 16:39
Кароолор: 372
БАТКЕНДЕ КУТКАРУУЧУЛАР ШАХТАДА ГАЗДАН ТАЗАЛОО ИШТЕРИН АТКАРЫШТЫ
Бүгүн, 3-февраль кунү саат 10:22де Сүлүктү шаарында жайгашкан шахталардын биринде газ чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарек боюнча шаардагы 1-өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунан жалпы 7 куткаруучу тартылган.
Майор У.Мурзамуратовдун жетекчилиги менен чыккан куткаруучулар шахтанын 40 метр тереңдигине чейин жол жүрүп, уранды түшүп жаап калган уклонду ачышкан. Андан соң газдан тазалоо иштерин жүргүзүшкөн.
Бактыга жараша жабыр тарткандар болгон жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР