Жаңылыктар

15.04.2024 16:00

   Кароолор: 115

БАТКЕНДЕ КУТКАРУУЧУЛАР ПАЛЬМА, АРЧА ЖАНА КӨП ЖЫЛДЫК МӨМӨ БЕРҮҮЧҮ КӨЧӨТТӨРҮН ОТУРГУЗДУ

Аймакта экологиялык коопсуздукту камсыздоого ӨКМ куткаруучулары да салым кошууда. «Жашыл Мурас» улуттук өнөктөштүгүн ийгиликтүү ɵткɵрүү жана айлана – чɵйрɵнү жакшыртуу, климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин алдын алуу үчүн Баткен шаарындагы Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядында да жашылдандыруу иштери жүрүүдө.

“Бир кызматкер – бир көчөт” демилгесин колдоого алган куткаруучулар тарабынан учурда имараттын жана Аскер шаарчасынын айланасына жалпысынан 20 түп арча, 20 түп  пальма жана 80 даана көп жылдык мөмө берүүчү көчөттүн түрлөрү, ошондой эле гүл көчөттөрү отургузулду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу