Жаңылыктар

16.02.2024 18:55

   Кароолор: 453

БАТКЕНДЕ КУТКАРУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮН БЕЛГИЛЕДИ

БАТКЕНДЕ КУТКАРУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮН БЕЛГИЛЕДИ

 

21-февраль - Эл аралык эне тил күнү. Бул датанын урматына өздүк курам улуттук каада-салт жана учур талабына ылайык сахналык көрүнүштөрдү аткарды. Материалдык жактан жетилип турган ушул чакта да ар бир эл өз эне тили менен улут экендигин даңазалап, Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары жоокерлер менен биргеликте маданий программа уюштурду.

Ушундай эле маанидеги иш-чарада Кызыл-Кыя шаарында офицерлер Т.Кулатов атындагы тарых музейинде экскурсия уюштурса, Кадамжай, Баткен, Лейлек жана Сүлүктү район-шаарларында өздүк курам эне тилдин кадыр баркы тууралуу пикир алмашып, азыркы технологиялык прогресс учурунда же дүйнөнүн билимин үйрөнүп, глобалдашкан заманда да кыргыз тили жасалма интеллект аркылуу өнүгүп, өсүүсүнө салым кошуу туурасында өз ойлорун ортого салды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу