Жаңылыктар
06.08.2024 12:41
Кароолор: 177
БАТКЕНДЕ БАЗАРДАН ЧЫККАН ӨРТТҮН КЕСЕПЕТИНЕН БИР АДАМ КАЗА БОЛДУ
Бүгүн, Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарында жайгашкан Мадамин базарынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 11:24тө Лейлек райондук №74 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган.
Өрт саат 11:55те чектөөгө алынган. Өрттүн кесепетинен жабркаган 16 жаштагы бала тез жардам кызматына өткөрүлүп берилип, ооруканада каза болгон.
Өрттүн аянты 42 чарчы метр түздү, өрттүн чыгуу себеби такталууда.
(сүрөт архивден)
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР