Жаңылыктар

16.10.2024 12:07

   Кароолор: 542

БАТКЕНДЕ АЙДООЧУЛАРГА ЖОЛ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ ТҮШҮНДҮРҮЛДҮ

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу ӨКМ кызматкерлери жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Айрыкча, алыс жолго чыгууда айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө жол коопсуздугу өтө маанилүү.

Андыктан, ӨКМ офицерлери ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча инспекторлору менен биргеликте Баткен облусунун бардык район-шаарларындагы борбордук автобекеттеринде унааны кышкы дөңгөлөктөргө алмаштыруу, узак жолго чыгууда зарыл делген дары-дармек, тамак-аш азыктарын жана дөңгөлөк чынжырчасын ала жүрүүнү эскертип жатышат.

Кокустук катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышка чыгууну сунуштайбыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу