Жаңылыктар

21.05.2024 09:33

   Кароолор: 477

БАТКЕНДЕ 4 КҮЖҮРМӨН ЭСЕП ТАРТЫЛГАН "БАЯМАН БААТЫР" БАЗАРЫНДАГЫ ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ

Алдын ала маалымат боюнча, Кадамжай районунун И.Полотхан айылында жайгашкан “Баяман баатыр” базарында өрт чыккандыгы тууралуу саат 4:29да маалымат түшкөн. Жерине саат 4:32де Кадамжай шаардык №76 ӨККБдөн 1 күжүрмөн эсеп тартылып, кошумча күч катары саат 4:48де Кыргыз-Кыштак айылындагы №107 ӨККБнөн 1 күжүрмөн эсеп, саат 4:59 жана 5:03тө №76 ӨККБдөн 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Жеринде жалпы 4 күжүрмөн эсепте 20 өрт өчүрүүчү-куткаруучу жумуш алып барып, саат 5:36да чектөөгө алынган тилсиз жоо саат 6:54тө толугу менен өчүрүлдү.

Учурда өрттүн чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу