Жаңылыктар

14.03.2026 17:26

   Кароолор: 13

БАТКЕНДЕ 3 КҮНДҮК РЕСПУБЛИКАЛЫК КОМАНДА-ШТАБДЫК МАШЫГУУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

2026-жылдын 11–13-март күндөрү Баткен облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын катышуусунда команда-штабдык машыгуу өттү.

Өлкө башчысынын быйылкы жылга карата бекитилген Жарандык коргонуунун 2026-жылга карата даярдык планынын негизинде уюштурулган машыгуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетовдун жетекчилиги астында өткөрүлдү. Туруксуз аба-ырайынын шартында табигый кырсыктардын коркунучу кооптуулук жаратат. Мындай шартта бүгүнкүдөй машыгуулардын мааниси зор өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштеринде өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө чоң жардам бермекчи.

Машыгуунун алкагында кооптуу аймактарда жашаган калкты өз убагында көчүрүү, убактылуу жайгаштыруу шаарчасына жайгаштыруу, алгачкы кечиктирилгис чараларды көрүү аракеттери практика жүзүндө уюштурулду.

Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен Жарандык коргонуу кызматтары атайын сыйлыктарга ээ болду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу