Жаңылыктар

29.11.2024 16:36

   Кароолор: 122

БАТКЕН: ЖЫЛЫТУУ УЧУРУНДА КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИНЕ КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

Баткен шаары боюнча ӨКБ жана ИИБ кызматкерлери кафе, тез татым жана ашканаларда өрттүн алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ал эми көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына электр жылытуу приборлорун пайдалануудагы өрт коопсуздук эрежелерин эскертип жатышат.

Анткени күз-кыш мезгилинде имарат, турак жайларды жылытуу мезгилинде жарандар электр зымдарын туура эмес туташтырып, же кыска чыңалуусуна жол берген учурлар да кездешет. Же кароосуз калтыруудан улам жалын тутанып кетиши мүмкүн. Мындай кооптуулуктун алдын алууда эң оболу өрт коопсуздук эрежелерин сактоо маанилүү.

Ошондуктан, ӨКМ жана ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери коопсуздук эрежелерин түшүндүрүүнү колго алып, турак жай секторлорунда жана тамактануучу жайларда нускама өтүп жатышат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу