Жаңылыктар

22.11.2023 10:53

   Кароолор: 576

БАТКЕН: ЖООКЕРЛЕР МЕКЕН АЛДЫНДА АК КЫЗМАТ ӨТӨӨГӨ АНТ БЕРИШТИ

КР ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын өздүк курамы жаш жоокерлер менен толукталды. Бүгүн Баткен шаарында жайгашкан Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын катарына чакырылган жоокерлердин ант берүү аземи уюштурулуп, иш-чара салтанаттуу жүрүш менен башталды.

Майрамдык салтанатта Мекен алдында ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөгө ар бир жоокер ант берип, бир ай ичинде үйрөнгөн аскердик коргонуу ыкмаларын көрсөтүштү.

Салтанаттуу иш-чара отряд командири полковник Орозбек Пазыловдун башчылыгында өткөрүлдү. Ал өз сөзүндө жоокерлер куткаруу иштери боюнча атайын программанын негизинде билим алып, шаймандарды практикада колдонууга үйрөнөрүн жана ал үчүн бардык шарт түзүлгөндүгүн белгилеп өттү.

Андан соң маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу