Жаңылыктар

02.04.2025 15:38

   Кароолор: 112

БАТКЕН: ЖООКЕРЛЕР КОШУМЧА КЕСИПТЕРГЕ ЭЭ БОЛУУДА

КР ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында жаш жоокерлер кошумча кесиптерге ээ болууда. Баткен шаарында жайгашкан Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядында да жоокерлер аскердик кызмат өтөө менен катар эле ширетүүчү, ашпозчу адистиктерин да өздөштүрүп жатышат. Үч айлык окуунун жыйынтыгы менен эл аралык маанидеги сертификаттар ыйгарылат.

Отряд командири полковник О.Пазылов белгилегендей, жоокерлер куткаруу иштери боюнча атайын программанын негизинде билим алып, шаймандарды практикада пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар жана ал үчүн бардык шарт түзүлгөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

https://www.facebook.com/share/v/1Dy48xQGJ6/
Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу