Жаңылыктар

25.10.2023 10:44

   Кароолор: 495

БАТКЕН: ЖӨӨ ӨТҮҮЧҮ КӨПҮРӨ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Баткен шаарынын Базар -Башы кварталында жөө өтүүчү көпүрөнүн курулушу ӨКМ тарабынан 2023-жылдын Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар мерчемине кирген.

Кыска убакыт аралыгында керектүү материалдык баалуулуктар толугу менен камсыздалып, жергиликтүү бийлик тарабынан көпүрөнүн курулуш иштери аткарылып бүткөрүлдү.

Эми жаан-чачын көп жааган мезгилде шаар элин түйшүккө салган ыңгайсыздык жоюлуп, жергиликтүү элдин жана окуучулардын коопсуздугу үчүн жасалган курулуш иштери жыйынтыкталды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу