Жаңылыктар

06.05.2024 10:16

   Кароолор: 134

БАТКЕН: ЖЕРТӨЛӨГӨ КИРГЕН СЕЛ СУУЛАРЫ ТОЛУК ТАЗАЛАНЫП БҮТКӨРҮЛДҮ

Кечээ, 5-май күнү саат 18:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын аймагында сел жүрүп, ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген 26 куткаруучу, Жарандык коргонуу кызматынан 1 техника тартылган.

Жеринде суунун нугун буруу жана арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлүп, бүгүн ӨКМден жалпы 33 куткаруучу тартылды.

Сел суулары жалпы 6 участкада, тактап айтканда облустун Лейлек районунун Сумбула, Ак-Суу, Катраң айыл аймактарында, Сүлүктү, Раззаков шаарында жана Ош — Раззаков унаа жолуна агып келген.

Ал эми Сүлүктү шаарында селдин кесепетинен 1 дүкөнгө, 7 үйдүн короосуна, 6 жертөлөгө сел суулары кирип, 5 убактылуу жасалган көпүрөнү агызган. Бир балдар бакчасынын тосмосунун 30 метрдей бөлүгү бузулган.

Түнү менен жеринде ӨКМдин куткаруучулары жана Жарандык коргонуу кызматтары жумуш алып барып, бүгүн, 6-май саат 7:00гө карата сел кирген турак үйлөрдүн жертөлөсү толук тазаланды.

Бактыга жараша табигый кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген жок.

Учурда Ош — Раззаков унаа жолун тазалап, каттамды калыбына келтирүү иштери уланууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу