Жаңылыктар

27.03.2024 16:32

   Кароолор: 166

БАТКЕН: ЖАШ ЖЕТКИНЧЕКТЕР ДА МАШЫГУУГА КАТЫШУУДА

Машыгуу канчалык татаал болсо, даярдык ошончолук мыкты болорун баткендик жаш жеткинчектер да көрсөтө алды. Кызыл-Кыя шаарындагы №10 "Теремок" балдар бакчасынын тарбиялануучулары ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте өрт-тактикалык машыгууга активдүү катышты, өзүн алып жүрүү эрежелерине өзгөчө маани беришти.

Бүгүнкү машыгуу өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга, балдар бакчасынын кызматкерлери жана тарбиялануучуларынын аракетин практикада бекемдөөгө багытталган.

Ал эми Ж.Сыдыков атындагы башталгыч мектебинин окуучулары Баткен шаарындагы №26 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүндө болушту. Экскурсия учурунда өрт өчүрүүчү-куткаруучулар менен баарлашып, алардын жумушчу күнү менен жакындан таанышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу