Жаңылыктар

03.03.2025 11:05

   Кароолор: 644

БАТКЕН: ЖАШ ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ-КУТКАРУУЧУЛАР КУТКАРУУ ШАЙМАНДАРЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Баткен районунун Миң-Булак айылында өрт коопсуздугунун алдын алуу максатында практикалык сабак уюштурулду. Ага Баткен району боюнча ӨКБнүн Ак-Сай айылындагы №106 ӨККБнүн өздүк курамы жана Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын кутаруучулары тартылды.

Айылдагы мектепте уюштурулган ачык эшикте өрт кырсыгы катталган учурда өзүн алып жүрүү эрежелери, коопсуздук талаптары практикада көрсөтүлүп, андан соң издөө-куткаруу жана өрт өчүрүу шаймандары менен таанышуу сабагы уюштурулду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу