Жаңылыктар
27.09.2023 12:08
Кароолор: 582
Баткен: Жаш куткаруучулар облустук мелдеште күч сынашууда
5-октябрь - кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү. Аталган датага байланыштуу жарыяланган бир айлыктын алкагында окуучулардан түзүлгөн командалар район-шаарларда мелдешип, облустук турга жолдомо алган.
Бүгүнкү облустук мелдешти КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Н.Шаматов ачып берип, катышуучуларга ийгилик каалады. Ал эми сынакта Баткен шаарынан "Бүркүт", Баткен районунан "Учкун", Сүлүктү шаарынан "Жалын", Лейлек районунан "Сактоочу" жана Кызыл-Кыя шаарынан "Биримдик" командалары катышууда.
Катышуучулар "Үй тапшырмасы", "Өрт эстафетасы", "Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү" жана "Команда капитандарынын сынагы" боюнча күч сынашат. Ал эми жеңүүчү команда 4-5-октябрь күндөрү Бишкек шаарында өтүүчү республикалык мелдешке катышат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР