Жаңылыктар
19.09.2023 17:00
Кароолор: 426
Баткен: Жаш куткаруучулар кырсыктардын тобокелдигин азайтууга салым кошот
Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицерлери бүгүн жаш куткаруучулар менен биргеликте иш-чара өткөрдү.
Ак-Турпак айылындагы Б.Нуралиев атындагы орто мектебинде окуучулардан түзүлгөн жаш куткаруучулар тобу бар. Алар бүгүн ӨКМ кызматкерлери менен кошо өзгөчө кырдаал учурунда көрүлүүчү чараларды практикада көрсөтүштү.
Андан соң эки топ өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын милдеттерин аткаруу боюнча мелдешип, өрттү өчүрүү иштерине катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР