Жаңылыктар

26.09.2024 16:50

   Кароолор: 548

БАТКЕН: ЖАШ КУТКАРУУЧУЛАР КЫРСЫКТАРДЫН АЛДЫН АЛУУГА САЛЫМ КОШОТ

Баткен шаарындагы 7 билим берүү мекемесинен түзүлгөн командалар бүгүн Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө катышты. №4 мектеп гимназиясында өткөн иш-чарада “Жаш куткаруучулар” мелдеши уюштурулуп, 7 команда ат салышты. Баткен шаардык билим берүү бөлүмү, Кызыл ай коомунун кызматкерлери да катышып, мелдешке калыстык көрсөттү.

Өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын шаймандары, өзгөчө кырдаал катталган учурда коопсуздук эрежелери, жабыркаган жарандарды куткаруу жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, өрттү өчүрүү боюнча күч сынашып, жыйынтыгында шаардагы жалпы билим берүүчү жатак мектебинин командасы облустук турга жолдомо алды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу