Жаңылыктар
19.01.2024 11:32
Кароолор: 452
БАТКЕН: ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУН ЖЫЛДЫК ОТЧЕТУ УКТУРУЛДУ
КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгы өткөн жылда аткарылган иш-чаралардын жыйынтыгын чыгарып, быйылкы жылга карата жаңы иш мерчемин талкууга алды. Облус башчысынын орун басары Т.Мадяров жана башкармалыктын башчысы полковник Н.Шаматов баштаган коллегиялык жыйынга Жарандык коргонуу кызматтары да катышты.
Башкармалыктын башчысы өз баяндамасында белгилегендей, өткөн жылда табигый кырсыктардан коргоо жаатында бекитилген объекттерде жумуш 100%га аткарылды. Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-мерчемине ылайык ӨКМ жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жумуш аткарылып, жалпы жонунан 1917 турак үй, 44 380 метр ички чарбалык жол жана 3 айылдын жол каттамы жакшырды. Статистикага таянсак, 2022-жылы 61 участкада аткарылган жумуштун жыйынтыгы менен 1391 турак үй, 27000 метр ички чарбалык жол жана 131 га огород, 270 га үлүш жер аянты сел коркунучунан коргоого алынган.
Мындан сырткары, тилсиз жоо менен күрөшүү, өрт жана сууга түшүүдө коопсуздук эрежелери, куткаруу иштери боюнча маалымат берилип, жыйын соңунда көйгөйлүү маселелер жана сунуштар талкууланды. Андан соң тыгыз кызматташтыкта жумуш алып баргандыгы үчүн алдыңкы мекеме-ишканаларга Ардак грамота жана Ыраазычылык кат тапшырылды.
КР ӨМ ПРЕСС-БОРБОР