Жаңылыктар

18.04.2024 18:58

   Кароолор: 176

БАТКЕН: ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУ БААЛООНУН МАКСАТЫ-КҮЧ КАРАЖАТТАРДЫН ДАЯРДЫГЫН КАМСЫЗДОО

Облустун Жарандык коргонуу абалын баалоо Сүлүктү шаарында да өткөрүлдү. Ага Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Урматбек Шамырканов баштаган аймактагы өздүк курам, ошондой эле тиешелүү кызматтардын башчылары катышты. Алгач Сүлүктү шаарындагы түзүмдөрдүн күч каражаттарын кароо шаардык мэриянын алдында жүргүзүлдү.

Министрдин орун басары жолугушуу учурунда Жарандык коргонуу абалын баалоонун, текшерүүнүн максатын түшүндүрүп берди. Өзгөчө кырдаал жаралган учурда айыл өкмөттөн тарта райондук, шаардык мекемелер өз милдетин кандай тартипте алып барышы керек, ал үчүн тиешелүү иш кагаздарын белгиленген тартипте даярдоо жана кызматкерлерден түзүлгөн ыктыярдуу кошуун тууралуу баса белгилеп өттү. Шаардык Жарандык коргонуу тутумунун бардык жетекчилерине тапшырмаларды коюп, табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдар катталган учурда көрүлүүчү аракеттер ӨКМден түзүлгөн комиссия тарабынан текшерилүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу