Жаңылыктар

19.05.2024 10:28

   Кароолор: 428

БАТКЕН: ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫ КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ ЖУМУШ АЛЫП БАРУУДА

Бүгүн, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Урматбек Шамырканов өлкө аймагында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматтары менен чукул жыйын өткөрдү. Жыйында аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу күчөтүлгөн тартипте жумуш алып баруу, сел, суу ташкындарынын алдын алуу жана тиешелүү техникалык каражаттар, күйүүчү май менен камсыздоо тапшырмасын койду.

Полковник У. Шамырканов андан соң облустук Жарандык коргонуу кызматтары, район-шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын башчысы-аким, мэрлерге тиешелүү тапшырмаларды койду. Ошондой эле, болуп өткөн сел кесепеттерин жоюу жана аймактарда атайын алдын алуу багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтарды талкуулады.

Министрдин орун басары учурда Баткен облусунун аймагында алдын алуу иштерин жеринде көзөмөлдөп, жумуш алып барууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу