Жаңылыктар

06.05.2024 17:13

   Кароолор: 74

БАТКЕН: ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫ КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ ЖУМУШ АЛЫП БАРАТ

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Урматбек Шамырканов Лейлекте селден кийинки калыбына келтирүү иштерин ыкчам жүргүзүү боюнча жыйынга катышты. Жыйынга райондук Жарандык коргонуунун башчысы-аким Осмонбеков Канымет да катышып, соңку кырдаал боюнча маалымат берди.

Ошондой эле, "Өзгөчө кырдаал" режимин жарыялоо, үзгүлтүккө учураган таза суу, электр энергиясы менен ыкчам камсыздоо, Раззаков шаарындагы Чыгыш көчөсүндө 3 турак үй ээлеринин мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзгөн себебинен шаар аймагына сел коркунучу жаралып жаткандыгын белгилеп, уруксатсыз курулган курулуш иштерин буздуруу, бул көйгөйдү чечүүнү Архитектура, курулуш бөлүмүнө тапшырма берилди.

Министрдин орун басары ӨКМден да техникалык каражаттарды бөлүп берерин билдирди.

Жарандык коргонуу кызматтары Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында жана Жарандык коргонуу кызматтары жасаган иштери боюнча маалымат берди.

Андан соң министрдин орун басары сел келген аймактарда болуп, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту. Суу-Башы айылындагы "Курулуш" орто мектеби сел аранын жээгинде жайгашкандыктан сел коркунучу жогору. Абалды жеринен көргөн Министрдин орун басары коргоо чараларын ишке ашыруу, ал боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо тапшырмасын айыл өкмөт башчысына тапшырма койду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу