Жаңылыктар

15.05.2024 17:14

   Кароолор: 352

БАТКЕН: ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫ КОМАНДАЛЫК-ШТАБДЫК МАШЫГУУГА КАТЫШУУДА

15-16-май күндөрү Баткен шаарынын Жарандык коргонуу кызматтарынын катышуусунда командалык-штабдык машыгуу өтүп жатат. Аталган иш-чаранын алкагында Жарандык коргонуу тутумунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн иш аракеттери баалоого алынат. Андан сырткары, шаар аймагында жайгашкан мекеме-ишканалардын, уюмдардын жана аймактык башкармалыктардын башчыларынын даярдыгы каралат.

Алгачкы күнү кызмат башчылары жана мекеме жетекчилери менен нускама-усулдук окуу өткөрүлдү.

Аталган иш-чара Баткен облусунун Жарандык коргонуусунун 2024-жылга карата даярдык мерчеминин негизинде өткөрүлүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу