Жаңылыктар
31.12.2023 09:54
Кароолор: 625
БАТКЕН: ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ КООПСУЗ ӨТКӨРҮҮ ҮЧҮН КУТКАРУУЧУЛАР КҮЖҮРМӨН ДАЯРДЫКТА
Саналуу сааттардан соң жаңы 2024-жыл эшигин ачат. Майрам күндөрүн коопсуз өткөрүүгө чакыруу менен, ӨКМдин куткаруучулары күжүрмөн даярдыкта турушат.
Майрам күндөрүнө карабастан, КР ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын Баткен шаарында жайгашкан Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын өздүк курамы да күчөтүлгөн тартипте жумуш алып барууда.
Учурда өздүк курам менен отряд командири полковник О.Э.Пазылов баштаган жетекчилик курам тыгыз жумуш алып барып, атайын техника жана куткаруучулар кызматтык милдеттерин кынтыксыз аткарууга даяр турушат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР