Жаңылыктар
04.04.2024 14:46
Кароолор: 910
БАТКЕН: ЖАЛЫНДАН АЛЫС, ӨРТТӨН ООЛАК БОЛОЛУ
Сүлүктү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн аскер кызматкерлери дарыгерлер үчүн атайын сабак уюштурду. №1 поликлиникасында №52 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн офицерлери алгач өрт же башка кырсык катталган учурда эске алуучу негизги эрежелерге токтолуп, ак халатчандардын суроолоруна жооп беришти.
Андан соң өрт өчүрүүчү каражаттарын туура пайдалануу жолдору менен тааныштырышты.
Ушундай эле маанидеги жолугушуу шаардагы №5 орто мектебинде да өткөрүлдү. Анда ӨКМ офицерлери өрттүн алдын алуу жана болтурбоо максатында нускама өтүп, отко этият мамиле жасоо, коопсуздук эрежелерин эске алуу жана сактоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жаздын мезгилинде айлана-чөйрөнү тазалоо, таштандыларды өрттөө же эс алуу мезгилинде жагылган отту кароосуз калтырбоону, мүмкүн болушунча толук өчүрүп кетүүнү эскертишти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР