Жаңылыктар

07.06.2024 13:06

   Кароолор: 493

БАТКЕН: ЖАЙКЫ ЭС АЛУУ МЕЗГИЛИН КООПСУЗ ӨТКӨРӨЛҮ

Жайкы аптапта жарандар эс алууну көбүнесе суу объекттеринде, табият койнунда өткөрүшөт. Ал учурда коопсуздукту эске алуу, эрежелерге так маани берүү зарыл. Мына ошондуктан, Кызыл-Кыя шаарынын аймагында кырсыктардын тобокелдигин алдын алуу жана болтурбоо максатында суу алдындагы коопсуздук эрежелери боюнча машыгуу уюштурулуп, ага шаардык Жарандык коргонуу кызматтары да катышты.

“Кыл-Полот” эс алуучу жайындагы бассейнинде өткөрүлгөн машыгууда сууга түшүү эрежелери, сууга чөккөн жаранды куткаруу, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү жана суунун курамын текшерүү иш-аракеттери көрсөтүлүп, тийиштүү кызматтар тарабынан эс алуучуларга нускамалар берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу