Жаңылыктар

20.12.2023 10:35

   Кароолор: 719

БАТКЕН: ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮГӨ КАМЕРАЛАР ОРНОТУЛДУ

КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана түзүмдүк бөлүмдөрдө оңдоп-түзөө жана өздүк курам үчун түзүлгөн шартты жакшыртуу иштери уланууда. Алсак, Кызыл-Кыя шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө имараттын айланасын тосуу, ондоп-түзөө иштери менен кошо суткалык нөөмөттүн кыраакылыгын жогорулатуу аракетинде видео камералар орнотулду. Бөлүктү толугу менен камтыган видео байкоону орнотуу жеке ишкерлердин колдоосу менен жүзөгө ашты.

Ал эми Сүлүктү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө өздүк курамдын каржылык колдоосу менен кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо жана үзгүлтүксүз байкоону уюштуруу максатында видео камералар орнотулду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу