Жаңылыктар
08.01.2024 11:45
Кароолор: 34265
БАТКЕН: УРАНДЫ АСТЫНДА КАЛГАН 2 КЕН КАЗУУЧУ КУТКАРЫЛДЫ
Кечээ, 7-январда Сүлүктү шаарындагы “Южный 3” шахтасында 2 кен казуучу урандынын астында калгандыгы тууралуу шахтанын кызматкери саат 19:49да маалымдаган. Ыкчам түрдө Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Сүлүктү шаарындагы №1 өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводунан алгач 8, андан кийин 10, жалпысынан 18 куткаруучу тартылган.
Куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгы жана ыкчам аракети менен кырсык катталган убакыттан жарым саат өтпөй 1992-ж.т И.Х. андан кийин дагы жарым саат аралыгында 1976-ж.т. И.М аттуу жарандарды аман-эсен куткарып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.
Куткаруучулар тобун жетектеп барган майор У.Мурзамуратовдун айтымында, ушул эле шахтада 2022-жылдын май айында газга ууланып калган 4 кен казуучуну аман алып чыгышкан. Ал эми кечээ жүргүзүлгөн издеп-куткаруу иши көмүр шахтанын 140 метр тереңдигинде жүргүзүлгөн.
Адатта взвод куткаруучулары бир жарым чакырым тереңдикке чейин түшүп, шахтадан чыккан газды токтотуп, тосмо орнотуу, өрттү өчүрүү жана жабыркаган жарандарды издөө, куткаруу иштерин жүргүзүп келишет. Статистикага таянсак, Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарында соңку 2 жыл аралыгында куткаруучулар жалпы 94 куткаруу иштерине тартылып, анын ичинде 6 жарандын өмүрүн сактап калышкан.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР