Жаңылыктар

25.03.2024 11:43

   Кароолор: 873

БАТКЕН: УЛУТТУК КЫЗЫЛ АЙ КООМУНДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Баткен шаарында ӨКМ офицерлери өрт коопсуздугунун алдын алуу максатында Улуттук Кызыл Ай коомунун Баткендеги өкүлчүлүгүндө өрт-тактикалык машыгуу өткөрдү. Машыгуунун алкагында имараттан чыккан өрт тууралуу кабар түшөр замат, шаардагы №26 ӨККБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын ыкчам аракети менен жалын өчүрүлүп, имарат жана андагы материалдык баалуулуктарды толугу менен сактап калышты. Ал эми жараат алган жарандарды тез жардам кызматына өткөрүп берилди.

Андан соң, өрт-тактикалык сабак уюштурулду. Анда өрт өчүрүү каражаттарын туура пайдалануу боюнча теориялык окуу өткөрүлүп, алган билимди практикада сынап көрүштү.

Ошондой эле, өрт чыгуу коркунучунун алдын алуу, кокустук катталган учурда коопсуздук жана өзүн алып жүрүү эрежелери боюнча маалымат берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу