Жаңылыктар

05.02.2025 10:56

   Кароолор: 281

БАТКЕН: ҮЙДӨ БЕКИЛИП КАЛГАН БАЛА АМАН-ЭСЕН КУТКАРЫЛДЫ

Бүгүн, 5-февраль күнү Сүлүктү шаарындагы Раззаков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде батирдин эшиги бекилип калгандыгы тууралуу чалуу түшкөн. Куткаруу иштерин жүргүзүүгө шаардагы №52 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар көп кабаттуу үйдүн терезеси аркылуу кирип батирдин эшигин ачышкан. Андан соң баланы аман-эсен куткарып, ата-энесине өткөрүп беришти.

Баланын абалы жакшы.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу