Жаңылыктар
12.04.2024 12:44
Кароолор: 398
БАТКЕН: ҮЙДӨ БЕКИЛИП КАЛГАН 2 ЖАШТАГЫ НАРИСТЕ КУТКАРЫЛДЫ
Бүгүн, 12-апрель күнү саат 10:09 да Кызыл-Кыя шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринде бекилип калган эки жаштагы наристени куткаруу иштери жүргүзүлдү.
Бул тууралуу алгачкы маалымат 101 байланыш кызматына түшкөн. Жерине саат 10:11де №62 Өрткө-каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 офицер жана 2 куткаруучу тартылган. Натыйжада саат 10:21де эшикти ачып, наристени аман-эсен ата-энесине беришкен.
Наристенин абалы жакшы. Жабыркагандар жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР