Жаңылыктар

28.08.2023 10:19

   Кароолор: 670

Баткен: Түзүмдүк бөлүмдөр арасында футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

Салтка айланган спорттук мелдеш Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан уюштурулду. Алгач чек арадагы кагылышууда каза болгон кесиптешибиз лейтенант А.Ысманов эскерилип, башкармалыктын жетекчилиги тарабынан анын эрдиги жана адамгерчилик бийик сапаттары тууралуу айтылды.

Андан соң район-шаардык бөлүмдөрдүн өздүк курамынан түзүлгөн командалар футбол талаасында беттешти.

Жыйынтыгында 3-орунду Лейлек району, 2-орунду Баткен району камсыздап, башкы байгени Башкармалыктын аскер кызматкерлери багындырды.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу