Жаңылыктар
17.01.2025 17:55
Кароолор: 958
БАТКЕН: ТҮЗҮЛГӨН ШАРТ ЖАНА МЕКЕНГЕ КЫЗМАТ
Жаз-жай мезгилиндеги жаан-чачын көп жааган мезгилде ӨКМ куткаруучулары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө туура келет. Табигый кырсыктар катталган учурда, айрыкча тоолуу жана кооптуу аймактарда сел суулары кооптуулук жаратат. Кырсыктын кесепеттерин жоюуда куткаруучулар үчүн заманбап жана кол шаймандарынын камсыздалуусу маанилүү. Мындан улам, башкармалыктын жетекчилиги менен биргеликте бир катар жумуштар аткарылды.
Атап айтканда, Кызыл-Кыя шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кампасына стеллаж, кийинип чечинүүчү бөлмөдө буюм-тайымдарын сактоого шкаф жана саптык аянтча курулду. Курулуш иштери куткаруучулар тарабынан аткарылып, керектүү материалдык-техникалык баалуулуктар башкармалыктын жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен камсыздалды.
Мындан сырткары, сел кырсыктарынын кесепеттерин ыкчам жоюуда зарыл болгон каражаттар мэрия тарабынан алынып берилди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР