Жаңылыктар
23.01.2025 15:12
Кароолор: 616
БАТКЕН: ТУРУКСУЗ АБА-ЫРАЙЫНА БАЙЛАНЫШТУУ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ
Өлкө аймагындагы туруксуз аба ырайына байланыштуу ӨКМ кызматкерлери жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Айрыкча, алыс жолго чыккан айдоочулар жана жүргүнчүлөргө жол коопсуздугу өтө маанилүү.
Азыркы тапта Баткен облусу боюнча башкармалыгынын район-шаарлардагы бөлүмдөрүнүн офицерлери ар бир айдоочуга коопсуздук эрежелерин эскертип, унааны кышкы дөңгөлөктөргө алмаштыруу, узак жолго чыгууда зарыл делген дары-дармек, тамак-аш жана суу азыктарын, эң негизгиси дөңгөлөк чынжырчасын ала жүрүүнү эскертүүдө.
ӨКМдин офицерлери менен кошо Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекторлору да жумуш алып барууда. Талапка ылайык, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо, зарылчылык жок болсо, алыскы сапарга жол жүрүүнү башка күндөргө калтырып туруу сунушталат.
Учурда автобекет жана көзөмөл өткөрүү жайларында Жарандык коргонуу кызматтары, анын ичинде ветеринария, салык жана бажы кызматы да өз тармагы боюнча иш алып барууда. Ал эми ӨКМ коопсуздук эрежелерин эске алуу менен катар эле кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышууну эскертет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР