Жаңылыктар
02.12.2024 10:18
Кароолор: 186
БАТКЕН: ТУРАК ЖАЙЛАРДА ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ЭСКЕРТЕБИЗ
Өрттүн алдын алууга, коопсуздук эрежелерин сактоого ар бир жаран милдеттүү. Анын эрежеси эң жөнөкөй. Кооптуулукту байкаган же тилсиз жоого күбө болгон учурда 101 же 112 кыска номуруна даректи туура айтып, ыкчам кабарлоо керек. Ошол эле кезде коопсуздук эрежелерин сактоо эң ириде адам өмүрүн, материалдык баалуулуктарды сактап калууга шарт түзөт.
Мындай коопсуздук эрежелерин так түшүндүрүп, нускама өтүү үчүн Баткен району боюнча ӨКБнүн №106 ӨККБнүн өздүк курамы Баткен районунун Ак-Сай айылында ар бир үйгө баш багып, өрттүн алдын алуу, кыш мезгилинде мор жана мештерди таза кармоо, туура пайдалануу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР