Жаңылыктар

23.11.2023 17:22

   Кароолор: 1041

БАТКЕН: ТООДОГУ ЖАРАНДАР КУТКАРЫЛДЫ

Кадамжай районунун Эки-Даван жайлоосунда Айдаркен шаарынын 3 тургуну тоого чыгып, алардын бири А.А аттуу 1970-ж.т жаран кулап кетип бутун жабыркатып алган.

Жерине саат 14:02де КР ӨКМдин куткаруучулары, тактап айтканда 2-Өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводунун командири улук лейтенант К.Курбановдун башчылыгында унаа менен 6 куткаруучу, ат менен аталган взводдон 1 жана №77 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу жөнөп кетишкен.

Саат 16:30да жерине барган куткаруучулар жабыр тарткан жаранга керектүү медициналык жардам көрсөтүп, саат 19:58де Айдаркен шаардык ооруканасына жеткиришкен.

Учурда аталган жарандын абалы жакшы.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу