Жаңылыктар

13.02.2024 15:52

   Кароолор: 279

БАТКЕН: ТИЛСИЗ ЖООДОН САКТАНАЛЫ

Тилсиз жоонун алдын алуу жана коопсуздук эрежелерин эске алуу ар бир жаран үчүн маанилүү. Бул максатта ӨКМдин Лейлек райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери чарба буюмдарын саткан соода жайындагы сатуучуларга жана жарандарга электр зымдарын туташтырууда адистерге гана ишенүүнү, бузулган электр буюмдарын колдонбоону, от жагуу учурунда балдарды кароосуз калтырбоо жана от менен ойноосуна жол бербөө зарылдыгын эскертешти.

Жогорудагыдай өрт коопсуздук эрежелерин мындан сырткары Кадамжай райондук ӨКБнын кызматкерлери А.Орозбеков айыл өкмөтүндөгү №3 Охна гимназия мектебинин мугалимдерине жана окуучуларына жеткиришип, түшүндүрүү ишин жүргүзүштү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу