Жаңылыктар

02.11.2023 16:25

   Кароолор: 533

БАТКЕН: ТИЛ – УЛУТТУН КҮЗГҮСҮ

Мамлекеттик тил жана Кыргыз эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата жарыяланган 3 айлыктын алкагында КР ӨКМдин Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү маданий иш-чара өткөрдү.

Залкар жазуучунун чыгармачылыгы, окурмандардын сүймөнчүлүгүнө айланган каармандары тууралуу өздүк курамга жеткирилип, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү жагдайлар талкууланды.

Ушундай эле маанидеги иш-чаралар КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Сүлүктү, Баткен жана Кызыл-Кыя шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө да уюштурулду.

Сүлүктү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицерлери окуучулар менен биргеликте жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармалары, андагы таалим-тарбия идеяларын талкуулап, таланттуу окуучулар чакан сахналык көрүнүштөрдү аткарышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу