Жаңылыктар

21.05.2024 16:30

   Кароолор: 355

БАТКЕН: СУУ ОБЪЕКТИЛЕРИНДЕ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ

Саналуу күндөрдөн кийин балдар жайкы эс алууга чыгат. Алардын эс алуусун коопсуз өткөрүү максатында ӨКМ кызматкерлери түшүндүрүү иштерин баштады. Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы эс алуу жайларында, көлмө жана бассейнде ата-энелер менен кошо балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

ӨКМ кызматкерлери менен кошо Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери да сууга түшүүдө коопсуздук эрежелери боюнча практикалык сабактарды өтүп, сууга түшүүгө ылайыкталбаган, атайын эс алууга арналбаган суу объекттеринде сууга түшүүгө болбостугун, эскертүү белгилерине маани берүү жана чоңдордун көзөмөлүндө болуу зарылдыгын эскертүүдө.

Ал эми Баткен шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан шаар аймагындагы мектептерде өрт, суу коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өрт тактикалык сабактарда окуучулардан түзүлгөн ыктыярчылар тобу кошо жумуш алып барып жатышат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу