Жаңылыктар

19.05.2024 16:00

   Кароолор: 521

БАТКЕН: СУМБУЛАДА СЕЛДЕН КИЙИНКИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИШТЕРИ БҮТКӨРҮЛДҮ

ӨК министринин орун басары, полковник У. Шамырканов Лейлек районунун аймагындагы жумушчу сапарында Сумбула айыл өкмөтүндөгү абал менен да жеринен таанышты. Сел суулары келген жылгаларда механикалык тазалоо иштерине ӨКМден тиешелүү техникалык каражаттар тартылып, калыбына келтирүү иштери толугу менен жыйынтыкталган.

Район акиминин орун басары, айыл өкмөт башчысынын коштоосунда сел келүү кооптуулугу бар аймактарда болуп, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу күчөтүлгөн тартипте жумуш алып баруу, Жарандык коргонуу кызматтарынын жана техникалардын даярдыгы боюнча кабар алды.

Эске салсак, 5-май күнү саат 15:40тар чамасында Сумбула айыл өкмөтүнүн аймагында жааган жаандан 5 огород участкасына жана ички чарбалык жолдорго да сел суулары келип, ӨКМ жана Жол тейлөө ишканасынан тартылган күч каражаттарынын жардамы менен калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу