Жаңылыктар

26.02.2025 18:22

   Кароолор: 41

БАТКЕН: СҮЛҮКТҮДӨГҮ ЖАЛПЫ ДАРЫГЕРЛЕР ПРАКТИКАЛЫК БОРБОРУНДА ӨРТ КООПСУЗДУК ТАЛАПТАРЫ ТЕКШЕРИЛДИ

Бүгүн, 2025-жылдын 26-февралында ӨКМдин Өрт көзөмөл кызматынын инспекторлору Сүлүктү шаарында болуп, мекеме-ишканалардагы өрт коопсуздук талаптарынын аткарылыш текшерип жатышат. Алар менен кошо Сүлүктү шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери да жумуш алып барууда.

Адегенде шаардагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда болуп, андан ары кесиптик лицейде, күйүүчү-майлоочу май саткан жайларда өрт коопсуздук талаптарынын аткарылышын текшерип чыгышты. Жеринде аткарылган иш-чаранын негизинде жетекчилик тараптарга эскертмелер берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу