Жаңылыктар

19.09.2024 17:07

   Кароолор: 275

БАТКЕН: СҮЛҮКТҮДӨГҮ ЛИЦЕЙДЕ ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, 19-сентябрь күнү окуучулар өрт өчүрүүчү-куткаруучулар менен биргеликте иш-чара өткөрдү. Сүлүктүдөгү №73 лицейинде өрттүн алдын алуу багытында машыгуу уюштурулуп, шаардагы №52 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары негизги эрежелерди үйрөтүштү.

ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте Тез жардам кызматы да көмөк көрсөтүп, кокустук катталган учурда коопсуз жайга чыгуу, өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери, жабыркагандарды куткаруу жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикада аткарып көрүштү. Ал эми окуучулардан түзүлгөн ыктыярчылар тобу суроолорго жооп алып, өрттү өчүрүү иштерин да аткарышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу