Жаңылыктар
20.07.2024 09:55
Кароолор: 202
БАТКЕН: СҮЛҮКТҮДӨГҮ БАКЧАДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК ЖАНА ОБЪЕКТИЛИК МАШЫГУУ ӨТТҮ
Сүлүктү шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан өрт кырсыгын алдын алуу максатында “Сүлүктү - Жеткинчек” балдар бакчасында өрт-тактикалык жана объектилик машыгуу өттү.
Өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын практикада бекемдөө, ар кандай мүнөздөгү өрт кырсыктарын алдын алуу, аны өчүрүүнүн ыкмаларын үйрөтүү менен бакча кызматкерлеринин өрт учурунда жасаган иштерин талдоо шарт түзүлдү.
Машыгуунун сценарийи боюнча мекеменин ашканасында өрт чыгып, тарбиячылар жамааты менен бөбөктөр коопсуз жайга эвакуацияланды. Куткаруучулар өрт чыккан ашканадан чыга албай калган кызматкерди коопсуз жайга алып чыгып, биринчи медициналык жардам көрсөтүштү. Андан соң тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Машыгуунун жыйынтыгында наристелерге жана тарбиячыларга өрт же ар кандай өзгөчө кырдаал катталган учурда өзүн алып жүрүү жана коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР