Жаңылыктар

25.04.2024 11:13

   Кароолор: 207

БАТКЕН: СҮЛҮКТҮДӨ 7 ТУРАК ҮЙ ЖАНА БАЛДАР БАКЧАСЫ СЕЛ КОРКУНУЧУНАН КОРГООГО АЛЫНДЫ

ӨКМдин Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш мерчеминин негизинде облус аймагында сел кооптуулугунан коргоо иштери аткарылууда. Сүлүктү шаарында да учурда сай жээгин бекемдөө иштери жыйынтыкталды.

Макаевка көчөсүндө жайгашкан сел өтүүчү сайды механикалык тазалоо иштерине ӨКМден эксковатор техникасы тартылган. 260 метр аралыкка белгиленген жумуштун натыйжасында аталган участкада жайгашкан 7 турак үй жана балдар бакчасы сел келүү коркунучунан коргоого алынды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу