Жаңылыктар

22.12.2024 11:02

   Кароолор: 148

БАТКЕН: СҮЛҮКТҮ ШААРЫНЫН ТУРГУНУН ИЗДӨӨ ИШИ ЖҮРҮҮДӨ

Сүлүктү шаарынын Кольцо айылынын тургуну (1980-ж.т. А.З. аттуу эркек киши) 2024-жылдын 19-декабрь күнү үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп, КР ИИМ кызматкерлери издөө иштерине көмөктөшүү боюнча КР ӨКМнин Сүлүктү шаардык ӨК бөлүмүнө кат түрүндө кайрылган.

Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Сүлүктү шаардык №52 ӨКБдан 6 куткаруучу, ИИМден 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 8 адам, жалпы 15 адам тартылган.

Кошумча дагы ИИМден 6, жергиликтүү тургундардан 6, жалпы 26 адам издөө иштерин улантууда.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу