Жаңылыктар
01.03.2025 13:22
Кароолор: 241
БАТКЕН: СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР БӨЛҮМҮНӨ ЖАҢЫ КУТКАРУУ ЖАБДУУЛАРЫ БЕРИЛДИ
Сүлүктү шаарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана авариялык-куткаруу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Сүлүктү шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө бөлүнүп берилген жаңы жабдуулар шаар мэри Болот Абдыжапаровго жана тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө көрсөтүлдү.
Тааныштырылган жабдуулардын арасында ар кандай өзгөчө кырдаалдар катталган аймактарда кырсыктардын кесепеттерин жоюуда колдонулуучу жарык мунарасы жана авариялык-куткаруу иштеринде колдонулуучу гидравликалык инструменттер бар. Бул жабдуулар өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө жана адамдардын өмүрүн сактап калууга зор көмөк көрсөтөт.
Сүлүктү шаарынын мэри аталган техникалык каражаттардын шаар үчүн маанилүү экенин белгилеп, алардын келечектеги кырсыктардын кесепеттерин азайтууда жана ыкчам аракеттерди көрүүдө чоң рол ойной турганын айтты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР