Жаңылыктар
26.12.2023 15:30
Кароолор: 419
БАТКЕН: СООДА ЖАЙЛАРЫНДА ӨРТТҮН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ПРАКТИКАЛЫК ИШ-ЧАРАЛАР ӨТҮҮДӨ
Кыш мезгилинде көпчүлүк жарандар жылытуу системасынын ар кандай түрүн пайдаланышат. Бул учурда коопсуздук эрежелерин эске алуу маанилүү.
Турак үйлөрдө гана эмес, мекеме-ишканаларда, билим берүү мекемелеринде, эң негизгиси соода түйүндөрүндө коопсуздук эрежелерин жайылтуу боюнча Кадамжай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицерлери тынымсыз жумуш алып барып, практикалык иш-чараларды өткөрүүдө.
Учурда өздүк курам Айдаркен, Кадамжай жана Баяман баатыр базарларында болуп, өрт коопсуздук эрежелерин жайылтууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР