Жаңылыктар
06.12.2024 08:27
Кароолор: 359
БАТКЕН: СООДА ТҮЙҮНҮНДӨГҮ ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮГӨ 4 КҮЖҮРМӨН ЭСЕП ТАРТЫЛДЫ
Бүгүн, 6-декабрда Баткен шаарында жайгашкан "Мега" соода түйүнүндө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат таңкы саат 06:04тө түшкөн. Тилсиз жоо менен каршы күрөшүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылып, жеринде ИИМ жана Тез жардам кызматы да жумуш алып барууда.
Алдын ала маалымат боюнча, өрттөн адам өмүрүнө коркунуч келген жок.
Саат 08:19да чектөөгө алынган тилсиз жоону толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР