Жаңылыктар

06.12.2024 09:17

   Кароолор: 333

БАТКЕН: СООДА ТҮЙҮНҮНДӨГҮ ӨРТ ТОЛУГУ МЕНЕН ӨЧҮРҮЛДҮ

Бүгүн, 6-декабрда Баткен шаарында жайгашкан "Мега" соода түйүнүндө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат таңкы саат 06:04тө түшкөн. Тилсиз жоо менен каршы күрөшүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылып, жеринде ИИМ жана Тез жардам кызматы да жумуш алып барууда.

Алдын ала маалымат боюнча, өрттөн адам өмүрүнө коркунуч келген жок.

Саат 08:19да чектөөгө алынган тилсиз жоо саат 09:10 до толук өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжол менен 2100 чарчы метрге жеткен.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу