Жаңылыктар
21.05.2024 15:16
Кароолор: 530
БАТКЕН: ШАХТАДА УУЛАНГАН ЖАРАН АМАН-ЭСЕН КУТКАРЫЛДЫ
Бүгүн, 21-май күнү Сүлүктү шаарындагы “Райымберди ” ЖЧК шахтасында газ чыгып, жабыркагандар бар экендиги тууралуу саат 10:19да 102 кызматынан кабарланган. Ага ылайык, саат 10:20да ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Сүлүктү шаарындагы №1 өзүнчө мобилдик взводунан жалпы 12 куткаруучу тартылган.
Аталган шахтага ыкчам жетип барышкан куткаруучулар 45 жаштагы А.Т.А аттуу кенчини куткарып, ГС-10 аппаратын кошуу менен биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө жетишкен. Кенчинин абалы туруктуу. Куткарылган жаран Тез жардам кызматына өткөрүп берилген соң, шахтанын ичинде чалгындоо иштери жүргүзүлүп, шахтада башка кенчилер жок экендиги аныкталган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР